获取下载链接
歌词

作词 : Nurlan Keneshbaev/Ernisbek Urukeev

作曲 : Zhumabek uulu Nurbolot

Биз эмнеге бирге чогуу болбодук

Ак сүйүүнүн баркын билбей кордодук

Бир урушуп таарынышып турмушта

Биз сүйүүнү оюнчуктай ойнодук

Күн жоголуп күүгүмдөнүп айлана

Сезимдер да өчө берди жай гана

Бара бара бейтаанышка айландык

Азыр сени журөк эңсейт аз гана

Отсуң десем оттон дагы таптуусуң

Балсың десем балдан дагы таттуусуң

Баасы чексиз кыялымдын периси

Башкалардын баарысынан барктуусуң

Таңсың десем таңдан дагы жарыксың

Сезимдердин күүгүм түнүн жарыттың

Сен бар үчүн сезим козгоп ыр жазам

Сени гана сүйгөндүгүм анык чын

Сүйүү деген кош жүрөктүн кагышы

Сүйүү деген кош дайранын агышы

Сүйүү деген кош жүрөктүн кагышы

Сүйүү деген кош дайранын агышы

Күн жоголуп күүгүмдөнүп айлана

Сезимдер да өчө берди жай гана

Бара бара бейтаанышка айландык

Азыр сени журөк эңсейт аз гана

Сүйүү деген кош жүрөктүн кагышы

Сүйүү деген кош дайранын агышы

Сүйүү деген кош жүрөктүн кагышы

Сүйүү деген кош дайранын агышы

Күн жоголуп күүгүмдөнүп айлана

Сезимдер да өчө берди жай гана

Бара бара бейтаанышка айландык

Азыр сени журөк эңсейт аз гана

Аз гана